Домой Коом Ташиевдин рогатка ала чуркаган уулун армия тарбиялайбы?

Ташиевдин рогатка ала чуркаган уулун армия тарбиялайбы?

3

Ташиев Тай-Мурас«Ата журтчу» Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын армияга кызмат өтөгөнү кеткенин «Майдан.kg» гезити «сенсациялуу» жаңылык катары жарыялаптыр.

Бул басылманы бир чети туура түшүнөбүз, Камчыбек Кыдыршаевич демөөрчүлүк кылып, багып жаткан соң аны мактабаганда кимди мактайт? Бирок, мактайт десе эле «байдын тойдо «тыйт» эттирген кызындай» көкөлөтө бериштин кажети канчалык? Себеби жеке эле Ташиевдин уулу эмес, Кыргызстандагы бардык уландар аскердик кызмат өтөгөнгө милдеттүү. Же Тай-Мурас элден бөлөкчө жаралганбы? Эгер Камчыке кызын аскердик окууга жөнөтүп жатса бир жөн.

Пикет-митингдерде «рогатка» алып чуркаган Тай-Мурасты аскердик жашоо тарбиялаар бекен? Же кантип шадыраңдап кетсе ошол кейпинде кайтып келеби?

Айбат гезити №75