Домой Коом Таштанды ыргыткандыгы үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору колдонду

Таштанды ыргыткандыгы үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору колдонду

1

ТаштандыЖогорку Кеңештин пленардык отурумунда  12-февралда депутаттар Майрамбеком Расулов («Ар-Намыс»), Акылбек Султанов (КСДП) тарабынан демилгеленген «КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү ана тлуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

М.Расуловдун айтымында, мыйзам долбоору айлана-чөйрөнү коргоо максатында жарандардын таштанды ыргыткандыгы үчүн, тиричилик таштандыларын жана башка заттарды тиешелүү эмес жерлерде өрттөгөндүктөрү үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

«Аталган мыйзам долбоорунун негизинде 1ден 20га чейинки эсеп көрсөткүчүндө, ал эми жооптуу кызматкерлерге 50дөн 100-200гө чейинки эсеп көрсөткүчүндө айып салуу сунушталууда», – деди депутат.

Талкуудан соң биринчи окууда 96 депутат мыйзам долбоорун кабыл алууну колдоп, бирөө каршылыгын билдирди.

Айбат гезити №115