Домой Коом “Таза шайлоо” Ассоциациясы: Шайлоолорго алдын-ала өзү тууралуу маалыматты шайлоочулардын тизмесине аныктагандар жана...

“Таза шайлоо” Ассоциациясы: Шайлоолорго алдын-ала өзү тууралуу маалыматты шайлоочулардын тизмесине аныктагандар жана биометриядан өткөндөр гана катыша алат

9

БиометрикаШайлоолорго добуш берүүгө чейин 15 күн ичинде шайлоочулардын тизмесине өзүнүн маалыматтарын аныктагандар жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар гана катыша алат. Бул туурасында «Шайлоо-2015 – инновациялык шайлоо технологиясы» деп аталган тегерек столдо «Таза шайлоо» ассоциациясы билдирди. Алардын билдирүүсү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоочулардын тизмегин түзүп, аны электрондук түрдө БШКга 50 календардык күндө берет. «Борбордук шайлоо комиссиясы аны тез арада басып чыгарат жана шайлоо компанияларынын участкаларына берет. Алар добуш берүүгө 45 күн калгандан кечиктирбестен тизмени тааныштыруу үчүн илет. Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын акыркы тизмегин иштеп чыгат жана түзүп, добуш берүүгө 10 күн калганга чейин кайрадан БШКга берет. Борбордук шайлоо комиссиясы тизмени басып чыгарып, тиешелүү шайлоо участкаларына добуш берүүгө 3 күн калганга чейин берет. Чет мамлекеттерде добуш берүү дагы ушундай эле принцип менен өтөт» деп айтышты ассоциациядан.

Айбат гезити №129