Домой Саясат “Тазалык” жетекчиси Сарпашев “Ата-Мекенге” жан тартып…

“Тазалык” жетекчиси Сарпашев “Ата-Мекенге” жан тартып…

21

ТазалыкБишкек мэриясына караштуу “Тазалык” ишканасына кылмыш иши козголду. Маалыматтарга караганда, аталган ишкананын жетекчилиги тендерлерди мыйзамсыз өткөрүү, жасалма каржы документтерин колдонуу, мыйзамсыз маяна которуу сыяктуу алешемдиктерге жол берген. Мунун айынан мамлекетке 38 млн. сом зыян алып келген. Бул иш боюнча 12 материал аныкталып, учурда укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Белгилей кетсек, “Тазалык” ишканасы буга чейин да Бишкектеги уруксат берилбеген аймактарга “Ата-Мекен” партиясынын рекламаларын илдирип мэрияны уят кылган. Көрсө анын жетекчиси Рысбек Сарпашев “Ата-Мекен” партиясынын туруктуу жана активдүү мүчөсү экен. Негизи бул ишкана буга чейин эч кандай рекламалык такталар менен иштеген эмес жана алардын мындай уруксат берүүсүнө мыйзам да жол бербейт. Кыскасы, Рысбек мырза, “Ата-Мекенге” жан тартып өз билемдик кылуудан сырткары өзү жетектеген ишкананы да кыйын абалга кептеген. Мындай жетекчилерди кызматта кармаган болбойт го.

Айбат гезити №145