Домой Коом Текебаев энергетика министри менен жергиликтүү көмүр өндүрүү тармагын талкуулады

Текебаев энергетика министри менен жергиликтүү көмүр өндүрүү тармагын талкуулады

3

өмүрбек текебаев
“Ата-Мекен” депутаттык фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөржай министри Осмонбек Артыкбаев менен өлкөдөгү энергетика жана жергиликтүү көмүр өндүрүү тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Текебаев жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Министр Осмонбек Артыкбаев көмүр өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында алдыдагы кыш мезгилине карата Бишкек шаарындагы жылуулук- энергетикалык борборго (ТЭЦ) Таш-Көмүр шахтасынан 50 миң тонна көмүр тартылып келинээрин айтты.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227792