Домой Негизги Текебаев кимди тандайт?

Текебаев кимди тандайт?

9

Текебаев Суваналиев Наргозуев

“Ата Мекен” анабашчысы Өмүрбек Текебаев акыркы кезде эки жээкте ойноп, ыплас саясатты жашыруун жүргүзүп жатканы айтылууда. Өмүкенин “эки бети” пайда болгонун укук коргоочу Токтайым Үмөталиева маалымат жыйынында шардана кылды.

Т.Үмөталиеванын айтымында, бийликтен устукансыз калгандардын Каршылык көрсөтүү кыймылы Текебаевдин офисинде иш жүргүзүп жатыптыр. “Мен аталган кыймылга кошулсамбы деп ойлогом. Бирок, алар мурдагы «Ата-Мекендин» офисинде жайгашкандыктарын көрүп, кайра баш тарттым. Анын үстүнө жакында Өмүрбек Чиркешович дагы кошуларын билип калдым”,- дейт ал.

Т.Үмөталиеванын мындай сөзүнө ишенбей коё албайсың. Өмүрбек Чиркешовичти кандай кара теке сүзгөнү белгисиз. Анткени, өткөн күздө морадёрлук маселеси парламентте каралып жатканда «Ата-Мекендин» тарапташтарын аянтка чогултуп башкача сүйлөбөдү беле. “Бакиевчилер революцияны жокко чыгарууну көздөп жатат. Элдик ыңкылапты сактап калалы” деп ким жалдыраган.

Эми болсо өзү айткан Бакиевчилер менен бириккенине түшүнбөй турубуз. Же өзү айткандай Текебаев кимди тандайт деп суроо берип көрсөкпү.

 Айбат гезити №48