Домой Саясат Текебаев-Медетбеков “талагынын” сыры төгүлдү

Текебаев-Медетбеков “талагынын” сыры төгүлдү

3

Артур МедетбековУбагында Курманбек Бакиевдин жеке коопсуздугун сактаган Артур Медетбеков парламенттик жарышта “Ата мекен” партиясын колдоорун жарыялап, “үйлөнүү тоюн” өткөрүп жиберишкен эле. Көп өтпөй эле Медетбеков Өмүрбек Текебаевге “талак” берип оозубузду ачырган. Ошол “талактын” сыры мындай экен. А.Медетбековдун жакын санаалаштарынын айтканына караганда, Текебаев партиясында диктатура орнотуп, аны дагы “кол баласы” кылып, шайлоодо баш-аламандык чыкса “торпеда” катары пайдаланууну пландаптыр. Муну билип калган генерал ысымын булгаганча алыс эле жүрөйүн деп чыга качпайбы! Өмүрбек Чиркешовичтин табигый жүзү акырындан сыйрыла баштады, беткаптын артында Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин “аргындашкан” жүзү катылып жатпайбы, ыя? Ошондо ал бийликке келиш үчүн бир убакта өзү катыра сындап жүрүп «качырган» президенттерди, алардын тарапташтарын, тууган-уруктарын да пайдалануудан кайра тартпай аткан болобу? Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөлүк авторитардык режимине Текебаевдин партиялык диктатурасы кошулуп кетсе, анда бул партия парламентке келген соң эски «обондорду» созуп баштабас бекен десең.