Домой Саясат Текебаев спикер, анан ажо болот дейби?

Текебаев спикер, анан ажо болот дейби?

4

текебаевАтамбаевдин баш оорусу азыр Текебаев болуп калган шекилдүү. Анткени “Ата Мекендин” жол башчысы эч кимге баш ийбеген, өзүнүн саясаты үчүн өктөм иш кылган киши эмеспи. Бийликтин тең жарымын бөлүп алып, жарым ажо болуп турган кези.

Бийлик Текебаевди кетире албай убара. “Атамекенчилер” батышчыл, америкачыл эле, “Манастагы” АКШ аскер базасын кетиребиз десек, Текебаев каршы теминип чыгат, анан оппозицияга кетет деп ойлонушту эле, тилекке каршы, “атамекенчилер” кетирсең кетир дегенсип колдоп беришти. Муну менен Текебаев Путин менен иштешүүгө да даяр экенин билдирди. Андан соң Бабановдун “Республика” фракциясын көпчүлүк коалицияга киргизебиз деп чыгышты эле, Өмүкең буга да унчупай туру. Батукаев маселесине келгенде оппозиция унчугалбай (болбосо, бийликтин канатын кайрый турган шылтоого өлө шынаа болду эле да, алсыз оппозиция муну да текке кетирди), коалициядагы “атамекенчилер” бийликти катуу каарып алышты. Прокуратура буларга дароо жабылган мародерлук ишин кайра ачып “эй, бир жериңди кыс, болбосо көрөсүң” ишаратын кылды. Текебаев буга да анча терикпеди, бийликке жасаган диктовкасын дале жасап келатат.

Жакында Атамбаевдин жакын аткошчу билермандары жашыруун жыйылып, Текебаевди колтугубузга кысалыбы же коюндан ары түртүп салалыбы деп талкуу кылышты дейт. Элге белгилүү бир серепчинин айтымында, бу кишини түртүп салсак, өлкөдө оппозиция күчөп, тополоңдор чыгып тынч жаткырбайт, андан көрө бийлик берели дешиптир. Бир болсо Текебаев спикер, анын партиясынан Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп калышы күтүлүүдө. Бул “жөжөнү күздө сана” дегендей болот окшоп калды.

Политологдордун баамын айтсак, эгер Текебаев ушинтип Россия менен да, башка өлкөлөр менен да дипломатиялык мамиледе кете берсе, эмки президенттик такты ушунуку болуп калышы ыктымал деп атышат. Анан калса Кыргызстанда Текебаевден кыйын саясатчы дале чыкпай атпайбы. Айла жок муюйсуң. (N.J)

Булак: “Асман press”.