Домой Экономика Темир Сариев:2012-жылы өлкөдөн 85 миң тоннага жакын кен ташылып кеткен.

Темир Сариев:2012-жылы өлкөдөн 85 миң тоннага жакын кен ташылып кеткен.

6

Ýêñ-äåïóòàò ïàðëàìåíòà Êûðãûçñòàíà, ëèäåð îáúåäèíåííîé îïïîçèöèè Êûðãûçñòàíà Ò.ÑàðèåâКыргызстандан кен ташып кетүүдө көзөмөлдү күчөтүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда экономика министри Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, былтыр Кыргызстандан 85 миң тонна кен ташылып кеткен. Анын жалпы суммасы 2,1 млрд сомду түзөт.

“Буга байланыштуу өкмөт кен ташып чыгууда 15 пайыз бажы салыгын киргизүүнү сунуштайт. Жыл сайын салыктын көлөмүн жогорулатуу керек. Биз “Кыргызалтын” ишканасына 2 жыл аралыгында кайра иштетүүчү завод курууну тапшырдык. Андыктан “Кыргызалтын” ишканасы курулуш бүткүчө салык төлөөдөн бошотулат. Биз ишти көзөмөлдөп турабыз”, – деди министр.

“Ата-Журт” фракциясынан депутат Азамат Арапбаев кенди ташып чыгуу үчүн салык төлөмүн киргизүүгө каршы пикирин билдирди.

“Экономикалык кызыкчылыкты ойлоп жатып инвестициялык климатты бузуп алуубуз мүмкүн. Мурун бул мыйзамдын долбоору талкууга алынганда залда кен иштетүүчү компаниянын дагы өкүлдөрү бар болчу жана алар 15% бажы төлөмүн киргизүүгө каршы пикирин билдирген”, – деди ал.

 

kyrgyz.vb.kg