Домой Саясат «Титаник». Роуз. Жек

«Титаник». Роуз. Жек

2

МырзакматовЭгерим «кайнаса каны кошулбаган» Өмүрбек Текебаев менен Мелисбек Мырзакматовдун Түркиядагы «Титаник» мейманканасында «баш кошкону» коомчулуктун кызуу талкуусуна жем таштады. Кыргыз журналистикасында «Карышкыр» каймана аты менен белгилүү Сабыр Муканбетов «Азия-Ньюс» гезитине жазган макаласында муну жаман жөрөлгө катары баалап, «жаш жубайлардын» тагдыры акыры «Титаник» фильминдей кейиштүү аяктабайбы дегендей божомолун ортого салыптыр.

«Карышкырдын» логикасын кууп жүрүп ээрчисек, мындай картина жаралат: «Титаниктеги» башкы каарман Роуз – Мелисбек Жоошбаевич, ал эми аны жигитинен көз көрүнөө тартып алган Жек – Өмүрбек Чиркешович. Роуз, ой, «түшпөс хан» кадимки Жаныш Бакиевдин көздөй кишиси болгону, аны менен алигиче тымызын байланышта жүрөрү айтылып келет. Жаңы тандемдешүүнүн өңүтүнө караганда, Өмүке Мелисбек мырзаны жигитинен, тоюс, Ж.Бакиевден таламандын тал түшүндө тартып алган болобу? Мунусуна караганда Текебаев накта жигитчилигин көрсөтүптүр дейли. «Ремени» жок эле тартып алыптыр да.

Бирок бир «но» бар деп туруң. «Титаник» фильминин аягында Жек Роузду сактап калам деп атып өзү чын дүйнөгө аттанат эмеспи. Роуздун жигити да аман калат. Эгер С.Муканбетов макаласында божомолдогондой, бу тандемдин аягы көркөм тасмадай кейиштүү аяктаса, Жек Текебаев «саясый өлүккө» айланбайбы кокуй?! Жыйырма жылдан ашык убакыттагы кадыр-барк Роуз Мырзакматовдун айынан «музга» тоңуп калбас бекен, ка-аап…

Айбат гезити №137