Домой Саясат Токон Мамытовго 50 миңден 1 миллион долларга чейин пара сунуш кылышкан

Токон Мамытовго 50 миңден 1 миллион долларга чейин пара сунуш кылышкан

5

токон мамытов

Бизнес чөйрөнүн адамдары 50 миң доллардан 1 миллион долларга чейин пара сунушташканын вице – премьер – министр Токон Мамытов Акипресс маалымат агенттигинде өткөн онлайын-конференциясында айтып чыкты. Анын маалыматына караганда, параны бизнес чөйрөсүндөгү адамдар бизнес долбоорлорунун кызыкчылыгы үчүн сунуш кылышкан. “Алар параны ачык эле алып келишип, сунуш кылышкан эмес. Телефондон чалышып, байке ушул ишти жасап берсеңиз, ыраазы кылабыз дешкен. Мындай сунуш анда мен УКМКда иштеп жаткан учурда болгон. Мен макул болгон эмесмин. 50 миңден 1 миллион долларга чейин сунуш кылышкан”, – деди Токон Мамытов.

Айбат гезити №50