Домой Маек Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Президент шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылып жатат”

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Президент шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылып жатат”

6

Токтайым Үмөталиева– 4-сентябрдан тарта парламенттик шайлоого үгүт иши расмий түрдө башталганы турат. Бул жолку шайлоону тынч өткөрүп алуу үчүн кандай аракеттерди көрсөк болот?

– Биринчи кезекте саясатчылар өлкөнүн келечегин ойлоп мыйзам чегинде аракет жасашы керек. Ар кандай ызы-чууларга алдырбашыбыз зарыл. Үгүт иштери мыйзам чегинде жүрүп шайлоо таза өтсө эч кандай башаламандык деле болбойт.  Бирок, биометрикалык маалымат менен шайлоо өткөрүүдө мыйзам бузууларга да жол берилип жатат. Биз ушул тарабынан мыйзамдуулук талаага келсек жакшы болот эле.

– Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта жалпы элди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жатып шайлоодо башаламандык жарата турган күчтөр чыгышы да мүмкүн экенин айтты. Биз мындай коркунучтардын алдын алуу үчүн кандай аракеттерди жасасак болот?

– Азыр өзүңүздөр көрүп тургандай көпчүлүк партиялар чет элден “пиарщиктерди” алып келип иштетип жатат. Бирок, алар башка мамлекеттердин тыңчысыбы аны эч ким билбейт. 2005-жылы да ушундай адамдардын Кыргызстанга зыяны тийген. Ошентсе да президент Алмазбек Атамбаев шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылып жатат. Бирок, алдында таза адамдар азыраак болуп жатканы өкүнүчтүү. Канткен күндө да шайлоону мыйзам чегинде таза өткөрүп алуу зарыл.

Айбат гезити №144