Домой Маек Токтогул Какчекеев: “Мырзакматов дайыма Бакиевдердин кызматын аткарып келген”

Токтогул Какчекеев: “Мырзакматов дайыма Бакиевдердин кызматын аткарып келген”

8

Токтогул Какчекеев– Токтогул мырза, 15-январда Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов жалпы кыргызстандыктарга видеокайрылуу жасады. Анда ал өзүнүн мэр болуп турган убагындагы ишмердүүлүгүн мактап, анан азыр өзүнө саясый куугунтук болуп атканын айтат. Буга кандай пикирдесиз?

– Мырзакматовдун саясый жолу, өзүнүн жасаган бизнеси, Бакиевдердин кызматын ар дайым жасап келгени анын ким экендигин көрсөтүп турат. Ал мамлекеттик кызматта турганда дагы бизнестен кеткен эмес. Бакиевдердин кызматын дайыма аткарып келген. Борбордук бийликке каршы саясатын жүргүзгөн. Регионалдык бийликтин лидери болгусу келген.

– Ал чет мамлекетте туруп алып актанганча, өлкөбүзгө келип сотто өзүнүн актыгын далилдесе болот беле?

– Мындай ыкмалар дайыма болуп келген. «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деген кеп бар. Мырзакматовдун видеокайрылуусу ошондой ыкмалардын бири. Ал дайыма өзүм билемдик менен, регионалдык лидер катары буктурма иш жасаган. Өз маалында алды-артын карабай туура эмес иштерди жасап алып, эми туугандарынын арты менен кайра бийликке келгиси келип атат. Ошол эле учурда шайлоо жакындап келатат. Анын алдында бул түндүк-түштүк маселесин кайрадан жандандыргысы келүүдө. Себеби азыр бир айрым адамдардан «Биздин чыгаан уулдарыбызды камап атышат» деп айтып атышканын угуп атабыз. Ал эми ошол «чыгаан» уулдар Бакиевдердин убагында эмне иштерди жасаганын унута элекпиз…

Айбат гезити №111