Домой Кызыктар дүйнөсү Толук кандуу бриллианттан жасалган шакек

Толук кандуу бриллианттан жасалган шакек

28

БриллиантШвейцариянын Женева шаарында жайгашкан Shawish зергер компаниясы дүйнөдөгү алгачкы ирет толугу менен бриллианттан шакек жасашты. Бул тууралуу interfax.by булагы жазууда. Жалаң бриллианттан көркөмдөлгөн ири шакек заманбап технологиянын жардамы менен лазерь аркылуу жасашкан. Зергерчиликтеги бул өзгөчө шедеврдин дүйнөдө теңи жок. Алгачкы баасы дагы 68 миллион АКШ доллары. Бул чыгарманын автору Мухаммед Шавишунун бриллиант шакекти бир жыл бою даярдаган. Шакек салттуу ыкма менен жасалып, 150 караттуу кыры бар. Буга чейин Ким Кардашьянин шакеги 22 карат, Бейонс 18 карат жана Элизабет Тейлордун шакеги 30 карат болгон. Ал эми бул толук бриллианттан жасалган шакекти чыныгы искусствонун чыгармасы катары бааланууда. Дүйнөдөгү алгачкы ирет толук бриллианттан жасалган шакектин баасы 68 миллион АКШ доллары.

Айбат гезити №134