Домой Коом Тоң районундагы Кызыл-Туу айылын «боз үйчүлөр» брендине айлантуу айтылууда

Тоң районундагы Кызыл-Туу айылын «боз үйчүлөр» брендине айлантуу айтылууда

6

Бозүй

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылын «боз үйчүлөр» брендине айлантабыз, деп билдирди этнограф Айдай Асангулова 15-августта маалымат жыйында. Анын айтымында, «Миң Кыял» фондунун изилдөөсү боюнча, Тоң районундагы Кызыл-Туу айылынын тургундарынын 60%ы кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Эркектер боз үй жасоо менен алектенсе, аялдар үй жасалгаларын жасап кийим тигишет. «Мындан улам «Кийиз дүйнө» фестивалын ал жерде өткөрүп, айылды «боз үйчүлөр» деген брендге айлантуу аракеттерин жасоодобуз», – деди А.Асангулова. Эскерте кетсек, эл аралык «Кийиз дүйнө» фестивалы экинчи ирет Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында 22-23-августта өткөрүлмөкчү.

Айбат гезити