Домой Негизги Төңкөрүш каражаты үчүн Америкага “Марш бросок” жасаган Равшан Жээнбеков февраль айында курултай...

Төңкөрүш каражаты үчүн Америкага “Марш бросок” жасаган Равшан Жээнбеков февраль айында курултай өткөрөм дейт

6

Равшан ЖээнбековКыргызстандын тарыхында оппозициячыл саясатчылардын АКШны көздөй дүңүнөн жөнөп бериши үстүбүздөгү жылдын январь айында биринчи жолу катталды. Болгондо да алардын бардыгы Кыргызстанда Американын саясатын жүргүзүп, Американын кызыкчылыгын коргоп жүргөндөр болуп чыкты. Равшан Жээнбеков башында турган оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү жана Америкадан каржыланган бейөкмөтчүлөр Кыргызстандын эзелтеден стратегиялык өнөктөшү болуп келген Россия Федерациясына ыкташын кескин сынга алышып, «Биздин бийлик силерди жээрип атат, муш көргөзгөнгө жардам бергиле» таризинде «алакандарын» жайып, саясый «кайыр суроого» кетишкени бешиктеги балага деле белгилүү болуп туру. Мына ошол океандын ары жагында жүргөн Равшан Жээнбеков маалымат агенттиктеринин бирине үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында, же март айынын башында Курултай өткөрө тургандыгын билдирди. Кыязы Америкадагы жолугушуулары «көңүлүндөгүдөй» болуп атса керек. Капчыгын калыңдатып алып кайтып келсе, Курултай өткөрөм деген шылтоо менен ызы-чуу, башаламандык жасоого киришпейби деген суроону азыр коомчулук кабыргасынан коюп туру. Эске сала кетсек, дал ошол февраль-март айларында Кыргызстанга качып жүрүшкөн Мырзакматов, Келдибеков жана Садыр Жапаровдор да кайтып келери маалымат булактарында айтылган. Алар келери менен өлкөбүздө Украина «майданынын» сценарийин жасап башташмакчы болуп аткандыгы айтылган. Андыктан Равшан мырзанын айтып аткан Курултайы ошол сценарийдин башталышы болуп жүрбөсүн деген шек бар.

Айбат гезити №113