Домой Спорт Топ тээп көлгө эс ал

Топ тээп көлгө эс ал

3

Таалай ИбраевЖай саратанында Кочкор райондук эмгек, миграция жана жаштар  бөлүмү тарабынан футбол боюнча турнир болуп өттү. Футбол күйөрмандары мындай саамалыкты болуп турса  жаштарга дем болорун. Коомго жаштарды спорт менен дагы тартса болорун айтып кызуу  колдоп турушту.

Аталган турнир Кочкор районуна  караштуу  Кара-Суу айылында өтүп турнирге 5 команда катышып жыйынтыгында

1-орунду Кочкор айылынын командасы

2-орунда Көк-Жар айылы

3-орунду Кара-Суу айылы камсыз кылды.

Жалпы жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана кубок тапшырылды. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Таалай Ибраев тарабынан эң мыкты оюнчу, эң мыкты дарбазачы, эң мыкты гол жаратуучуга 3 күнгө Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди. Маалымат катары айтсак бул турнир жыл сайын өтүп турмакчы.

Айбат гезити №140