Домой Коом Төрт өлкөнү байланыштырган темир жол курулат

Төрт өлкөнү байланыштырган темир жол курулат

6

темир жолРоссия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан мамлекеттерин байланыштыруучу темир жолунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси жакында даяр болот. Бул тууралуу Темир жолдорду куруу жана долбоорлоо боюнча дирекциянын жетекчиси Канат Абдыкеримов билдирди. “Төрт мамлекеттин темир жол ишканаларынын жетекчилери кызматташуу келишимине кол коюшту. Учурда адистер тарабынан каттам өтө турган жерлер такталып жатат”, -дейт ал. Ал эми темир жолду курууга кете турган каражаттын өлчөмү жана канча чакырымды түзөөрү азырынча белгисиз. Төрт өлкөнү байланыштырып туруучу темир жолду куруу демилгеси Жамааттык коопсуздук кызматташтык (ЖККУ) уюмунун Бишкекте жана Сочиде өткөн саммитинде көтөрүлгөн. “Баарына белгилүү биздин өлкөнүн темир жол транспорту боюнча потенциалы жок. Эгерде бул жол курула турган болсо, Кыргызстандын түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү эки бөлөк болуп турган темир жолдорду бириктирүүгө шарт түзүлөт”, -деди К.Абдыкеримов. Белгилей кетсек, мындан сырткары Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан өлкөлөрүн байланыштыруучу темир жол долбоору да бар.

Айбат гезити №50