Домой Коом Түлеев амнистия сурагандан уялбайбы

Түлеев амнистия сурагандан уялбайбы

8

нариман тулеевКурСалиевичтин “баласы”, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата жарыяланып жаткан амнистияга илешип калуу үчүн жанын жеп жаткан экен. Адвокаты Нина Зотова аркылуу Жазаларды аткаруу кызматы менен Атайын прокуратурага кайрылып, амнистияга кошууну суранган. Бирок, аталган органдар Наримандын мындай сунушунан баш тарткан. Жазаларды аткаруу кызматы менен Атайын прокуратура деле туура чечим чыгарыптыр. Негизи амнистия дегениң кары-картаңдарга, жаш балдарга, жеңил кылмыш кылгандарга берилет да. Мамлекеттин бюджетин майкандап алып, убагында каалагандай тайраңдагандарды бошото берсе, анда кандай болсун. Нариман кылган кылмышын мойну менен тартышы керек. Ошондо гана келечек муунга үлгү болуп, алар казынадан уурдасак Түлеевдей камалабыз деп чочуп турушу зарыл.

Айбат гезити №136