Домой Кырдаал Түлеевдин сотунда айыпталып жаткан Валерий Корниенкого тез жардам чакыртышты

Түлеевдин сотунда айыпталып жаткан Валерий Корниенкого тез жардам чакыртышты

9

скорая

Бүгүн, 29-июлда Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэри, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеевдин соту болуп жатат. Сот жыйынында айыпталып жаткан Валерий Корниенконун абалы начарлап кетти. Процесстин катышуучулары тез жардам чакырышты.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 29-октябрында Башкы прокуратура баш калаанын экс-мэри, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеевге жана мэриянын мурдагы чиновниктерине карата айып таккан.

Аларга карата козголгон кылмыш бир кылмыш ишине бириктирилип, бирдиктүү каттоо номери берилип Бишкектин Ленин райондук сотунда 9 айдан бери каралып жатат. Мурдагы аткаминерлерге КРдин Кылмыш кодексинин “кылмыш жолу менен кирешелерди адалдаган (легалдаштырган) деген” беренеси боюнча күнөө тагылууда.

Экс-мэрден тышкары Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын мурдагы директору Медет Кожебергенов, мурдагы вице-мэр Валерий Корниенко, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Бакыт Сыдыков, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Руслан Бейшенбаев карата иш козголгон.