Домой Шоубизз “Тумар КР” “Минута славы” долбоорун багынтууда

“Тумар КР” “Минута славы” долбоорун багынтууда

2

Тумар

Мекенибиздин желегин Орусиянын белгилүү “Минута славы” долбоорунда желбиреткен “Тумар КР” тобу долбоордун жарым-финалына өткөндүгүн сүйүнчүлөдү! «Тарттыруу иштери жаңы гана бүттү. Биз талантыбызды мыкты көрсөттүк деп ойлойм. Олимпиада чемпиондорунан эң өзгөчө катышуучулар катары атайын белекке ээ болгондугубуз кубандырат!»-дейт топтун жетекчиси Атай Өмүрзаков. Белгилүү болгондой, кезектеги тур сентябрь айында старт алат. Ийгилик каалайбыз!

Айбат гезити