Домой Экономика “Түндүк электр” иш аткаруучулардын ремонттук тейлөө ишинен баш тартат

“Түндүк электр” иш аткаруучулардын ремонттук тейлөө ишинен баш тартат

2

север электро“Түндүк электр” ачык акционердик коому (ААК) Бишкектеги электр жабдууларын ремонттон өткөрүү ишине төрт иш аткаруучу уюмду тарткан. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда болгон басма сөз жыйынында “Түндүк электр” ААКнын техникалык директорунун капиталдык курулуш боюнча орун басары Азамат Мамбетжанов билдирди.

Мамбетжанов мындан кийин “Түндүк электр” иш аткаруучу уюмдардын тейлөөсүнөн баш тартаарын жана өзүн жеке кызматтарын кеңейтерин белгилеп өттү. Бул багыт биринчи кезекте убакытты үнөмдөөгө байланышкан, анткени тендер өткөрүү иштерине орточо алганда 1,5 ай убакыт кетип жатат.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227998