Домой Коом «Тунгуч» кичирайонундагы үйлөр мыйзамсыз курулган

«Тунгуч» кичирайонундагы үйлөр мыйзамсыз курулган

9

ТунгучЖогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан депутат Райкан Төлөгөнов бүгүн, 28-ноябрда ЖКнын жыйынында Аламүдүн районунда мыйзамсыз курулган үйлөрдүн маселесин чечүү керектигин суранды. Анын айтымында, 2009-жылы «Тунгуч» кичирайонунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жер тилкелер сатылган. «Ал жерлерди сатып алгандар үйлөрүн салышты. Бүгүнкү күндө 300дөй түтүн – 1000дей адам жашайт. Алар өз күчтөрү менен жол, суу сындуу маселелерин чечип алышкан. Бирок үй салууга жерлерди трасформациялоо мыйзамсыз болгон», – деп билдирди депутат. Мындай маалыматты ортого салган Р.Төлөгөнов же бул үйлөрдү сүрдүрүү керек же болбосо Аламүдүн акимчилиги бул конушка электр линиялары менен камсыздоону чечип бериши керек деген пикирин кошумчалады.

Айбат гезити №55