Домой Коом Түп районундагы айыл өкмөт кызматкерлери эми велосипед пайдаланат

Түп районундагы айыл өкмөт кызматкерлери эми велосипед пайдаланат

2

ВелосипедЫсык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айыл өкмөтүнө жаштардын демилгеси менен 12 велосипед алынып келинди, деп билдирди аймактык кабарчы. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Совет Исмаиловдун айтымында, буга чейин айыл өкмөттүн кызматкерлери 5 чакырым жерди жөө кыдырышчу. Эми алар жаштардын демилгеси аркылуу алынып келинген велосипеддерди пайдаланат.

«Велосипед биринчиден кызматкерлердин убактысын үнөмдөсө, экинчиден ден-соолугу чың болот. Үчүнчүдөн ага май сарпталбагандыктан, жергиликтүү бюджет үнөмдөлөт», – деди С.Исмаилов.

Жыргал БЕРДИБЕКОВ

Айбат гезити №74