Домой Саясат Туратбек Мадылбеков: “Мага басым жасоо үчүн уулума өкүм чыгарышты”

Туратбек Мадылбеков: “Мага басым жасоо үчүн уулума өкүм чыгарышты”

3

т.мадылбеков“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков баласы Элдар Мадылбековго чыгарылган соттук өкүм тууралуу: “Толугу менен мыйзамсыздык. Соттор жогору жактан алган тапшырмасы менен айыптоо өкүмүн чыгарып коюшту”, – деп билдирди. Депутаттын айтымында Э. Мадылбековдун жактоочулары тергөө анын күнөөлүү экенин көрсөткөн олуттуу далилдерди келтире алган эмес. Жактоочулар соттун өкүмүнө каршы даттануу арызын жолдошот. Уулуна чыгарылган өкүмдү эл өкүлүн кысымга алууга болгон аракет катары бааларын белгиледи.
“Аларга уулум эмес, мен керекмин. Уулума айыптоо өкүмүн чыгаруу менен мага басым жасагылары келип атышат”, – дейт ал.
Элдар Мадылбеков Бишкек шаарындагы Киев көчөсүндө жайгашкан бала бакча имаратын жасалма документтерди жасап, мыйзамсыз ээлеп алган деп айыпталган. Биринчи май райондук соту бүгүн Э. Мадылбековду айыптуу деп таап, 9 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим кабыл алды.