Домой Саясат Турдукулов Япониядагы цунамиде шымын булгап алганбы?

Турдукулов Япониядагы цунамиде шымын булгап алганбы?

6

Турдукулов АдильАнтпесе акыркы убакта ашкере активдүү болуп кеткен Жапондогу кыргыз элчилигинин мурдагы экинчи катчысы Адил Турдукуловдун кадамдарын кандай түшүнөбүз?

Жаш болсо да 80деги чалдай акыл айтып отурган Турдукулов бүгүн бардык маселелер боюнча “эксперт” болуп чыга калды. Бүгүн ал саясатчылардын кыңыр иштерин ачыкка чыгарууда, мына электр тармагындагы олуттуу пикирин билдирүүдө, карасаң эле ишкерлерге акыл үйрөтүп отурган болот. Турдукуловдун билдирүүлөрүнө көпкө чейин эч ким деле көңүл бурбай келген, ошондо өзүн ар тараптуу дипломат эсептеген господин Адил башкача ыкмаларды көрүүгө өттү, бирок бийликти сындагандардын “хоруна” кошулуудан башка оңураак эч нерсе ойлоп таба албады.

Турдукулов 2011-жылы Жапондогу Кыргызстандын элчилигинен жумуштан кетирип ийишкенде, ал сотко берип, ошол иштери менен алек эле. Соттон утулган Турдукулов дароо активдешип, кезектеги кызматты соодалап алуу максатында бийликтин көңүлүн өзүнө бурууга аракет жасоодо. Айрым маалыматтарга караганда, Турдукулов 2011-жылдагы Жапониядагы оор жоготууларга алып келген катуу жер титирөөдөн кийин эч кимге айтпастан куйругун түйө Кыргызстанды көздөй качып кеткен. Адил мырзанын аркасын карабай качканын студенттер жакшы билишет. Студенттер биздин коопсуздугубузду деле ойлоп койсо болмок дешет. Анан ушундай суу жүрөк азаматтан кайсы саясатчы чыксын. Ошонун айынан жана кызматына дал келбестиктен да жумушунан айдалган.

Ал эми Турдукулов үчүн элчилик ижарага алып берген батирди бошоткондон кийин кызматкерлердин кызарбаган бети кызарды. Көрсө, батирдин тамдарынын баарына сүрөт тартып, чиймелеп салыптыр. Элчилик бир канча миңдеген АКШ долларына чапчыган бюджеттик акчага аны оңдоп-түзөөгө аргасыз болгон. Муну эми кандай түшүнсө болот? Эмне, Турдукулов күндүз элчиликтин дипломат кызматкери болуп сыр билгизбей, түндөсү болсо үйүнө келип алып, шизофрениктердей болуп там чиймелеп отурганбы? Албетте, Турдукуловду шизофреник деген жокпуз, бирок ким билсин, чынбы?

Турдукуловду деле түшүнсө болот – Жапониядан кенен-кесири жыргап жашап жүргөн немени. Бирок мамлекеттик кызмат, кресло түбөлүк эместигин түшүнүшүбүз керек.

Интернет-булактарынан алынды

Айбат гезити №69