Домой Кызыктар дүйнөсү Түркиядагы “Кыргызлар тюрбеси” күмбөзү

Түркиядагы “Кыргызлар тюрбеси” күмбөзү

25

“Кыргызлар тюрбеси” күмбөзү

700 жыл мурда Изник шаарынан Анадолулук түрктөр менен бир катарда салгылашкан кыргыз жоокерлеринин соңку баш калкалаган жерин табышкан. Кыргыздардын ата-бабалары өзүлөрүн кайраттуу, эр жүрөк жоокерлер катары көрсөтүшкөн. Алар бекем чепке биринчилерден болуп киришкен, ошонусу үчүн султан Орхан Гази башкарып турганда ушул жерде баатырларга эстелик катары күмбөз тургузууга буйрук берилген.

Стамбулдан 120 км жана Бурсадан 85 км аралыктагы азыркы Изник шаарынын аймагында, анын чет жакаларында шаардык дубалдардын урандылары, дарбазалар, чептер, чиркөө жана тарыхтын башка эстеликтери сакталып калган. Шаардын тышында үч жолдун кесилишинде жергиликтүү тургундарга “Кыргызлар тюрбеси” катары белгилүү болгон күмбөз же экинчи миң жылдыктын башталышында ушул шаарды алуу учурундагы салгылашууларда курман болушкан кыргыз жоокерлеринин эстелиги-мемориал бар. Кийинчерээк Изник шаары бир аз убакта Улуу Селжукиддер империясы мамлекетинин княздыктарынын биринин борбору болгон.

2004-жылдын октябрында күмбөздүн жанына кыргыз айкелчиси Т.Садыков жасаган кыргыз баатырынын эстелиги орнотулган.

Айбат гезити №91