Домой Негизги Турсунбай Бакир уулу: Депутаттар мени акыйкатчы болуңуз деп атат

Турсунбай Бакир уулу: Депутаттар мени акыйкатчы болуңуз деп атат

7

Турсунбай Бакир уулуЖогорку Кеңештин депутаттары жаңы акыйкатчыны шайлоо үчүн кезексиз жыйынга чогулуусу керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу “ВБ”га билдирди.

“Мыйзам боюнча акыйкатчы кызматынан кеткенден кийин бир айдын ичинде жаңысын шайлоо керек”,- деди ал.

Бакир уулу ошондой эле депутаттар аны акыйкатчы болуңуз деп көндүрүп атканын кошумчалады.

“Кечээ мен акыйкатчынын ордуна атаандашпай турганымды билдирдим. Бирок депутаттар мени андай ойдон баш тартуумду суранышууда. Мен азыр акыйкатчылык орунга ат салышып, же салышпай турганымды чече элекмин. Менин чечим кабыл алуум үчүн бир ай убакыт бар. Мен Турсунбек Акундан кийин акыйкатчы институтун кайтадан калыбына келтирүү оор болот деп коркуп атам”,- деди ал.

Эскертсек, кечээ парламент депутаттары Турсунбек Акунду ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун колдоого алган болчу.