Домой Негизги Турсунбек Акундун “Хайатта” кеңсеси жок экен…

Турсунбек Акундун “Хайатта” кеңсеси жок экен…

5

Акун ХаятЖоКедеги Турсунбай Бакир уулунун «абысыны» Турсунбек Акун: «Мени акыйкатчылыктан кетиргениңер менен эл аралык уюмдардын биринен ири каражат утуп алдым. Борбордогу «Хаят» мейманканасынын 2-кабатынан бөлмөнү ижарага алып, иштеп атам» дегендей өпкөсүн каккан эле.

Буга кызыгып, бир күн кечке «Хаятты» айланчыктап жүрдүк. Турсунбек мырзанын керээлден кечке «Хаяттын» короосунан чыкпай, келген адамдарды мейманкананын экинчи кабатына жетелеп чыгып, ары-бери басып, кайра ылдый түшкөнүнө күбө болдук. Бирок, ал кайсы бөлмөдө отурарын эч кимге көрсөтө албаганы кандай?

Анын үстүнө, «Хаятта» иштеген кыздардын бири Турсунбек Акуновичтин мейманканада бөлмөсү жоктугун, жөн гана келип-кетип турарын, келген кишилерди мейманкананын экинчи кабатында «сейилдетип» кетирерин айтып оозубузду ачырды. Ажы атыгып, беш маал намазын жазбай окуйм деген экс-акыйкатчынын мындай кылыгына түк түшүнбөдүк. Аман эле болсунчу…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №80