Домой Коом Тынчтык болсун элибизде, жерибизде!

Тынчтык болсун элибизде, жерибизде!

36

Кыргызстан туусу

Фашисттик Германиянын армиясын көтөрүп Советтик союзду, деги эле дүйнөнү басып алууну көздөгөн тиран Адольф Гитлердин ою ишке ашпай, ал согушту жеңгенибизге 70 жылдын жүзү болду.

Жеңиш бир мамлекеттики же бир элдики эмес, жеңиш жалпы союздуку! Ал кездеги союзга кирген бардык мамлекеттин ардагерлерин улуу жеңиштин 70 жылдык юбилейи менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Кылым карыткан жаш-куракка келсеңиздер дагы ден-соолук, бейпилдик, аманчылык, оңойго турбаган тынччылыктын сакталып кала беришин каалайбыз.

Биз, жаңы муундун уул-кыздары сиздерге болгон ыраазычылыгыбызды айтып бүтпөйбүз жана кылган эрдигиңиздер үчүн чексиз рахматыбызды айтып, таазим кылабыз. Бүгүнкү күндө тынчтык майрамын тартуулаган ардагерлерибиз бар болуңуздар!

Айбат гезити №127