Домой Коом Тынчтык проспектиси менен Түштүк магистралы кесилишкен тарапта жайгашкан парктык зонадагы аянтты өкмөт...

Тынчтык проспектиси менен Түштүк магистралы кесилишкен тарапта жайгашкан парктык зонадагы аянтты өкмөт аукционго коюп сатып жиберген, – И.Өмүркулов

4

магистраль

Тынчтык проспектиси менен Түштүк магистралы кесилишкен тарапта жайгашкан парктык зонадагы аянт өкмөткө карайт, аны аукционго коюп сатып жиберген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 14-июнда билдирди.

Ал билдиргендей, бул аймак боюнча азыр өзүнчө комиссия иштеп жатат «Тилекке каршы, 2010-жылдагы окуялардан кийин ал жер улутташтырылып кеткен. Кийин өкмөт аны аукционго коюп сатып жиберген. Ошон үчүн бул жер азыр биздин юрисдикцияда эмес. Ал өкмөттүн карамагында», – деди шаар башчысы.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, азыр ал жактагы курулушка уруксат бериле элек. «Курулушту баштоого уруксат бербей жатабыз, ал эми менчик ээлери болсо бизди сотко берип жатат», – деп кошумчалады ал.

Булак : Баракелде