Домой Экономика Тышкы карыз үчүн республикалык казынадан 238 млн сом жумшалды

Тышкы карыз үчүн республикалык казынадан 238 млн сом жумшалды

4

сом

Тышкы карызды тейлөө үчүн республикалык бюджеттен 237 млн 946 миң 600 сом жумшалды. Бул туурасында Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Жогорудагы сумманын 46 млн 127,3 миң сому пайыздык төлөмдөргө, ал эми 191 млн. 819 миң сому негизги суммалар боюнча төлөмдөргө жумшалды. “Ал эми “капиталдык салымдар” беренеси боюнча Бишкек шаардык мэриясына караштуу коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына 15 млн. сом, Капиталдык курулуш башкармалыгына 15 млн. сом, өкмөткө караштуу турак-жай жарандык курулуш департаментине 19 млн. 416,6 миң сом жана Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин суу-чарба объектилерин куруу дирекциясына 10 млн. сом бөлүндү”,- деп айтылат билдирүүдө. Эскерте кетсек, 11-октябрда республикалык бюджеттен 350 млн. 897 миң сомго бир катар мамлекеттик органдарга каржылоо жүргүзүлгөн

Айбат гезити №50