Домой Коом Үч зордукчу…Бир ууру

Үч зордукчу…Бир ууру

6

девушкаЖашоо эмне болуп, кайсы багыт менен кай тарапка баратканын түшүнбөйсүң. Күн сайын карыларыбыздан ынсап, жаштарыбыздан ыйман кетип барат. «Улууга урмат, кичүүгө ызат» көрсөтүүнү унуткан жаштарыбыз жаман жолго түшүп баратканы жанды кейитет. 2-июль күнү Бишкек шаарынын тургуну Н.М. аттуу 35 жаштагы аял милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Арызда аны өз үйүнүн жанынан азиат улутундагы 18-25 жаштар чамасындагы бейтааныш эки адам күч колдонуп зордуктоогоаракет кылышканы айтылган. Бул иш боюнча, Бишкек ШИИБнин милициясынын кайгуул-күзөт кызмат полкунун кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде Жалал-Абад облусунун Р.Д аттуу тургуну кармалган. Эң өкүнүчтүүсү кармалган кылмышкер 19 гана жашта экен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

                                                  ***

Зордуктоо – кылмыш жаза кодексиндеги эң оор жазалардын катарына киргенине карабай, мындай кылмыштардын саны азайбай келет. Алсак, өткөн жуманын аягында, тактап айтканда 2-июль күнү чаламандын чак түшүндө эле мына ушундай зордуктоо кылмышы катталган. Окуя саат 10 жарымдар чамасында Бишкектин М.Ганди жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Сорока» көлмөсүнүн жанында болгон. Аталган жерден Бишкек шаарынын тургуну 44 жаштагы Ч.Ы. аттуу аялды бейтааныш адам күч колдонуп зордуктап кеткен. Биринчи май РИИБнин кылмыш издөө кызматкерлеринин ыкчам иликтөөсүндө кылмышкер тез эле колго түшкөн. Кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынын тургуну 33 жаштагы С.Г. деген аңги экен.

                                               ***

Мына ушундай эле дагы бир зордуктоо фактысы катталды. 5-августтун таңында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына 27 жаштагы Н.Г аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, ушул эле күнү таңкы саат 6ларда Бишкектин чекесиндеги «Калыс-Ордо» жаңы конушунан аны белгисиз адам күч колдонуп, зордуктап кеткен. Бул кылмышка шектүү М.К аттуу 50 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну тутулду.

                                              ***

Бишкек шаарынын 50 жаштагы Б.А аттуу тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Анын айтымында, белгисиз бир адам анын үйүнө терезеден кирип, үй ичиндеги фото жана видео аппараттарын алып кеткен. Уурдалган оокаттардын жалпы чыгымы 50 миң сомду түзгөн. Бул иш боюнча Биринчи май РИИБнын кызматкерлери иликтөө иштерин башташкан. «Уурунун арты кууш» дегендей, изи сууй электе кылмышкер кармалган. Ал 25 жаштагы С.Ж. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болгон. Милиция кызматкерлеринин айтымында, бул жигит башка дагы кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн.

Булак: “Алиби” (М.Т)