Домой Коом Үчүнчү революциянын кереги жок!

Үчүнчү революциянын кереги жок!

6

A Kyrgyz opposition supporter waves theКыргызстандагы айрым бир эксперттер үчүнчү жолу революция болушу мүмкүн деп баамдап жатышат. Бул Кыргызстан үчүн чоң экономикалык жоготууларды алып келээри шексиз. Революциялардын келип чыгыш себептеринин бири катары, кыргыз элитасынын бири-бири менен сүйлөшүүгө бара албай, ынтымактын ыдырап турушуна такалууда.

Чындыгында азыр ар ким өз арабасын өзү тартып, өлкөнүн кызыкчылыгынан да жеке кызыкчылыктар күч алып турган учур. “Орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт” демекчи, бүгүнкүнүн ордуна эртең жаңы бийлик келгени менен, эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Эки революцияны башыбыздан кечирдик. Опол тоодой жоготууларга учурадык. Элибиз кыйналып, мамлекетибиздин абалы оорлошту. Эми үчүнчү революцияны жасап, Кыргызстанды түп-тамыры менен жок кылуунун кимге кереги бар? Андыктан, “эсиң барда этегиңди жап” деген сөздү эске алып, акыл калчап иш кылалы. Президентти тандап алгандан кийин, анын иштеп беришине тоскоолдук жаратпашыбыз кажет. Эртең башка президент келсе деле, ага каршы чыккандар пайда болот. Анан “кайда барба, баягы эле Мамайдын көрү” деп, мойнунан байлаган иттей жашай беребизби? Андан көрө элди ынтымакка чакырып, “биригели, бирдиктүү болсок баарын жеңебиз” деген ураан менен алдыга жылсак кантет? (N.J)

Булак: “Айат”.