Домой Саясат Үйү да, машинеси да жок генерал

Үйү да, машинеси да жок генерал

5

Зарылбек РысалиевБу кыргыздын аткаминерлери байлыгын, мүлкүн канчалык жашырган сайын ошончолук элде, коомчулукта шектенүү, күмөн саноо боло тургандыгын билишпейби? Киреше, мүлктөрүн көрсөткөн декларацияга ишенсек, кээ бир байлыгы ашып, ташкандар бечара, байкуш болуп чыга келет. Эми алар бир эмес, миң ирет карганса деле андай эместигине эл ишенбестиги бышык. Буга чейин декларация аркылуу  Өмүрбек Бабановдун  менчик автоунаасы жок, жөө жүргөн бечара экенин билсек, Тайырбек Сарпашевдин үйү жок батирде көчүп, конуп жүргөн жалгыз аткаминер экенин окуп, зээнибиз аябай кейиген. Эми мурдагы ички иштер министри, ЖАМКнын учурдагы чоңу Зарылбек Рысалиевге боорубуз ачып турган кез. Бул генералдын машинеси да, үйү да жок экен. 2012-жылы болгону 52 миң сом гана иштеп тааптыр.  Суроо туулат, эмнеге жаап-жашырышат?  Мейли, өз наамына катталган машина, турак-жайлары жок экен дейли. Анда эмнеге туугандарынын, жакындарынын наамдарына каттатышат? Эртең бир балээ болуп үй, мүлктөрүнүн конфискацияланып кетишинен кооптонушабы? Былык, калбырлары толтура экендигинен ушундай кадамдарга барышат сыягы