Домой Видео УКМК кызматкерлери мыйзамсыз куйма алтынды алып жүргөн жаранды кармашты

УКМК кызматкерлери мыйзамсыз куйма алтынды алып жүргөн жаранды кармашты

5

1УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматы Нарын облусунун аймагында жайгашкан Солтон-Сары кен чыгуучу жеринен алтын уурдаган фактысы боюнча М.К. аттуу Кыргызстандын жаранын кармашкандыгын тартылган видеону көрсөтүштү.

УКМКнын аталган кызматы тарабынан 21-июнь күнү тоо-кен тармагындагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө М.К. аттуу жаранды кармашкан.

Аны кармоо учурунда жанынан жалпы салмагы 460 граммды түзгөн алтын куймасы табылган.

21-июнда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдары боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (баалуу металлдарды, жаратылыш баалуу таштарын мыйзамсыз айлантуу) менен каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, кармалган адамга 22-июнда айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан УКМКнын тергөө абагында 2 айлык мөөнөткө камоо баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Булак : Tazabek