Домой Коом УКМК Нарын аймагынан “Хизб ут-Тахрир” тобун колго түшүрдү

УКМК Нарын аймагынан “Хизб ут-Тахрир” тобун колго түшүрдү

6

hizbuБул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММКлар менен кызматташуу бөлүмү билдирди.

Маалымдоодо айтылгандай, 2013-жылдын 3-июнунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Нарын аймагында жергиликтүү калк ичинде “Хизб ут-Тахрирге” үндөө иштерин жүргүзгөн топ кармалган. Диний-экстремисттик топтун жетекчиси – 1974-жылы туулган жаран Ш.Э.Ж., ал эми 22-23 жаштагы Ш.С. жана М.Н. аттуу жигиттер мүчөлөрү экендиги аныкталган. Тинтүү учурунда алардын жанынан тыюу салынган экстремисттик маанайдагы адабияттар табылган.