Домой Саясат УКМК: Оппозициянын бийликти алуу планын “Хизб ут-Тахрирдин” мүчөсү тастыктады

УКМК: Оппозициянын бийликти алуу планын “Хизб ут-Тахрирдин” мүчөсү тастыктады

3

Хизб ут-Тахрир

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) оппозиция өкүлдөрүнүн “оппозициянын бийликти алуу планы жөнүндө айткан Эрлан Өмүралиевге УКМК кысым жасаган” деген дооматтары негизсиз экенин билдирет. Бул тууралуу кечээ, 17-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы REGNUM маалымат агенттигине маалымдаган.

“Бүгүн Эрлан Өмүралиевдин видео билдирүүсүндө айтылган тараптар басма сөз жыйынын берди жана УКМКга болгон дооматтарын айтышты. Буга байланыштуу Эрлан Өмүралиев УКМКнын Нарын областындагы башкармалыгына өз ыктыяры менен келгенин жана өз каалоосу менен оппозициянын пландары жөнүндө айтканын белгилеп кетүү керек”,- деп билдиришкен ведомстводон.

“Азыркы учурда фактыларды текшерүү жүрүп жатат. Эрлан Өмүралиевдин сөздөрүн “Хизб ут-Тахрир” партиясынын мүчөсү Бактыбек Жуматаев да тастыктады”, -деп билдирген басма сөз кызматы.