Домой Кылмыш УКМК салык кызматынын инспекторун пара алып жаткан жеринен кармады

УКМК салык кызматынын инспекторун пара алып жаткан жеринен кармады

0

милиция

31-июлда УКМКнын кызматкерлери ыкчам издөө иш чарасынын негизинде, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүн пландоо жана анализдөө, мамлекеттик салык кызматын текшерүү боюнча башкы инспекторун 3 000 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүштү. Кармалган жаран 1964-жылы туулган.

Маалыматка караганда, инспектор аталган акча каражатын бир жарандан жеке уюмга тиешелүү маселесин чечип берем деп талап кылган.

УКМКнын тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Кармалган инспектор УКМК тергөө абагына алынып келинди. Иликтөө жүрүп жатат.

Айбат гезити