Домой Коом УКМК: Укук коргоо органдардын имараттарына терракт жасоону пландап жаткан террорист кармалды

УКМК: Укук коргоо органдардын имараттарына терракт жасоону пландап жаткан террорист кармалды

3

Ош террор радикал15-октябрда Бишкектин четинде УКМК тарабынан жүргүзүлгөн контртеррористтик операция учурунда террористтик топтун мүчөсү, КР жараны “Д.Н.” кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, “Д.Н.” тыюу салынган эл аралык террористтик топтун мүчөсү болгон жана жакынкы аралыкта укук коргоо органдарынын имараттарына теракттарды уюштурууну пландап жаткан. Аны текшерүүдө жанынан колго жасалган жардыруучу түзүлүштөр, майдаланган бөз түстөгү зат, детонирлөөчү шнур, кислота куюлган бөтөлкөлөр, уюлдук телефондор жана башка ушуга окшош куралдар табылган.

Ошондой эле чабуул коюлуучу объекттердин план-схемасы, диний китептер, экстремисттик мүнөздөгү материалдар жазылган диск, жана светтик өлкөгө каршы джихадга чакырган колго жазылган кайрылуу болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган адам эл аралык терорристтик уюмдун чет өлкөлүк борборлорунун биринен Кыргызстанда терракт жасоого көрсөтмө алганын моюнга алды.

Андан тышкары, анын жан жөкөрү “С.Н.” аттуу жаран да кармалды.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып атканын УКМКдан маалымдашты.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)