Домой Ден-соолук Укроптун медицинада колдонулушу

Укроптун медицинада колдонулушу

16

УкропУкроп чайы

Укроптун бир чай кашык уругуна кайнак сууну куясыз дагы (1 чай кашык укроптун уругуна 1 стакан суу), 5-10 мүнөткө тыныктырасыз. Чай даамына жакшы чыгыш үчүн укроптун уругун жанчып алсаңыз болот.

Көздү жууганда колдонсо болот 2 стакан сууга 1 чай кашык укроптун уругун салып, 10 мүнөт кайнатасыз. Анан жылымык кылып алып көзүңүздү жууйсуз. Бул көздүн көрүүсүнө пайдалуу.

Жашаруу үчүн колдонуу

Малинанын, карагаттын жалбырагын алып, бир чайкашык укроптун уругуна алманын кагын жанчып алып, бир литр сууга кайнатып, он мүнөт  тыныктырасыз. Муздаган соң бир стакандан ач карын ичип туруңуз. Мындай кайнатма болочок энелер үчүн өтө пайдалуу.