Домой Маек Улан Исмаилов, манасчы: “Убактылуу пайданы көздөп, келечекке кайдыгер болбогула туугандар”

Улан Исмаилов, манасчы: “Убактылуу пайданы көздөп, келечекке кайдыгер болбогула туугандар”

14

Улан Исмаилов– Күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоодо айрым партиялар добуштарды акчага сатып алууну пландап жатыптыр. Жарандар өз добушун акчага сатса мамлекеттин келечеги кандай болот?

– Мен шайлоодо акчасын берсе болду деген мекендештерибизге кайрылат элем. Антип убактылуу пайданы көздөп, келечекке кайдыгер болбогула туугандар. Биз мындай кадамдарыбыз менен өз мамлекетибиздин келечегине туура эмес мамиле жасап жатабыз. Эгер акчага сатып алам деп айтып жаткан партиялар эртең жерге кошуп силерди да сатып салуусу толук мүмкүн. Андай саясатчылардан баардык жамандык күтүүгө болот.

– Негизи мыйзам боюнча добуш сатып алууга тыюу салынат. Мындай көрүнүштөр катталса кандай чара көрүш керек?

– Биз канчалык айтып каршы турганыбыз менен шайлоого каршы аракет кылып добуш сатып алуучулар өз максаттарынан кайтпай жатат. Эгер алардын мындай максаттарын өзгөртүүгө да мүмкүн болбой калды. Мамлекет тарабынан шайлоодо мыйзамдар бузулгандары байкалса аларды өзгөчө шарт менен жоопко тартуу керек.

Айбат гезити №145