Домой Шоубизз Юлия Руцкая Молдовадагы конкурста калыстар тобунун мүчөсү болду

Юлия Руцкая Молдовадагы конкурста калыстар тобунун мүчөсү болду

3

Юлия Руцкая

Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктү” аттуу чыгармасын кимдер гана ырдабады. Мына ошол чыгарманы улуту орус болсо да ийине жеткире аткарып, ошол ыр менен бир нече Эл аралык конкурстарда алдыңкы орундарды алып келген ырчы айым Юлия Руцкая жакында эле Молдовада өткөн «Nova Latinitas» эл аралык конкурсуна калыстар тобунун сыйлуу мүчөсү болду. Белгилей кетсек, ырчы айым былтыр дал ушул конкурста Гран-прини алган эле. Конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталган соң, жыйынтыктоо үчүн Юлия Нурак Абдрахмановдун “Аппак сүйүү” чыгармасын кыргыз, орус жана англис тилдеринде аткарып, көрүүчүлөрдү бир жолу кубандырды.

Айбат гезити №50