Домой Кылмыш «Ультра-Техник» ЖЧКнын кеңсесине ууруга кирген адамдар кармалышты

«Ультра-Техник» ЖЧКнын кеңсесине ууруга кирген адамдар кармалышты

22

127-июлда саат 05:00дөр чамасында Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан «Ультра-Техник» ЖЧКнын кеңсесинин терезесинен белгисиз адамдар ууруга киришкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек ШИИБнин түнкү милициясынын адистештирилген батальонунун кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын негизинде изи сууй электе Бишкек шаарынын тургундары 46 жаштагы Б.С., 33 жаштагы Ж.О. жана Ош облусунун тургуну 36 жаштагы Б.Н. кармалышты.

Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.