Домой Экономика Улуттук банк 2 млн. доллардын сатылышы боюнча атайын операция жүргүзүп, сомго карата...

Улуттук банк 2 млн. доллардын сатылышы боюнча атайын операция жүргүзүп, сомго карата спекуляциялык чабуул жасалганын тактады

1

Толкунбек АбдыгуловҮч күндүк тыныгуудан кийин валюта базарында улуттук валютаны алсыздандыруу башталды. Буга объективдүү фактор жок. Мындай пикирин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 18-декабрдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө банктык системада 250 млн. доллар бар жана анын 30ы накталай доллар түрүндө. Ал ошондой эле улуттук банк 17-декабрда атайын «чалгын» жасаганын кабарлады. «Биз 2 млн. долларды жүгүртүүгө салдык. Жыйынтыгы кандай болду? Улуттук валютага спекуляциялык атака жасалууда. Тактап айтканда, улуттук банк эки банк – «Айыл банк» жана «РСК банк» аркылуу 57,8 сом курсунда долларды саткан. 3-4 сааттын аралыгында бардыгы сатылып бүтүп, кийин бөлөк акча алмаштыруу жайлары аркылуу 60 сомдон сатылды. Бул бизди бир аз этият болууга жана структуралык чараларды көрүүгө мажбурлайт», – деди ал.

Улуттук банктын төрага орунбасары Нурбек Жеңиштин айтымында, сатуу саат 10:30 башталган, ал эми валюта толук 16:00га чейин сатылып бүткөн. Бул операция тууралуу 3 адам гана билгенин кошумчалады.

Редакциядан: Борбор калаа дагы акча алмаштыруучу жайлардын көпчүлүгү ЖК депутаттарына таандык экени айтылып жүрөт. Ошондо мына ушундай спекуляциялык жол менен акча табуунун башында эл өкүлдөрү турган болуп калабы?

Айбат гезити №109