Домой Экономика Улуттук банктын нумизматикалык музейи ачылды

Улуттук банктын нумизматикалык музейи ачылды

6

20

Эртең, 16-июлда саат 10:30да КРнын Улуттук банкында сомдун 20 жылдык мааракесине карата нумизматикалык экспозициянын ачылышына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук банктын нумизматикалык музейинде алгачкы жана учурдагы акча бирдиктеринин үлгүлөрү коюлган. Экспонаттар аркылуу алгачкы акча тыйындардан тартып, азыркы заманга чейинки Кыргызстандын аймагындагы акчалардын айлануу тарыхын көрсө болот.

Мындан тышкары, экспонаттар арасында Улуу Жибек жолу менен учурдагы Кыргызстандын аймагынан өткөн кербенчилер аркылуу Тянь-Шань жана Жетисуу аймагына алынып келинген байыркы жана орто кылымдагы мамлекеттердин тыйындары коюлган.

Эске салсак, 1993-жылдын 10-майында чыгарылган алгачкы акча бирдигинен бери КРнын Улуттук банкы 2009-жылы улуттук валютанын төртүнчү банкноттор сериясын чыгарды.