Домой Саясат Улуттук банктын орун басары Текебаевдин кыйкырыгынан кийин жыйынды таштап кетти

Улуттук банктын орун басары Текебаевдин кыйкырыгынан кийин жыйынды таштап кетти

2

Текебаев Заир Чокоевдин атын таба албайт ага: “Эй, көз айнекчен жигит! Калп айтпа! Көп сүйлөбө!,- деп кыйкырды

1

Бүгүн, 6-июнда парламент жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин өзүнө карата айткандарынан кийин залдан чыгып кетти.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште сүткордук ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат. Депутаттардын суроолорун жооп берип жаткан Чокоев бул мыйзам долбоору кабыл алынса инвесторлор Кыргызстанга инвестиция салгылары келбей каларын айтты. Ошондой эле ал тобокелдиктер тууралуу токтолду.

Ушундан кийин Текебаев ага “Болбогон сөздү коюш керек. Мен инвесторлор менен сүйлөшкөм, алар мыйзам долбоорунда сунушталып жаткандар алар үчүн бейиш экенин айтышкан”,- деп билдирди.

Бирок Чокоев анын айткандарын көңүлүнө албай, сөзүн улантты.

Текебаев өз кезегинде Заир Чокоевдин атын таба албайт ага: “Эй, көз айнекчен жигит! Калп айтпа! Көп сүйлөбө! Улуттук банкта жалаң коррупциячылар олтурат. Алар кыргызстандыктардын аргасын кетиришсе, мен сенин аргаңды түгөтөм. Бул киши – эл душманы, ал бул жерде олтурбашы керек. Атыңды таппай атам, көз айнекчен жигит бул жерден чыгып кет!,- деп кыйкырды.

Чокоев андан сөзүн кайра алууну өтүндү эле Текебаев баш тартты. Ошондон соң ал жыйындар залын таштап кетти. Текебаев артынан “Экинчи бул залга кирбе!”,- деп кыйкырган боюнча калды.