Домой Саясат Улуу Британиянын юстиция министри Бишкекте Максим Бакиевди экстрадациялоо маселесин талкуулайт

Улуу Британиянын юстиция министри Бишкекте Максим Бакиевди экстрадациялоо маселесин талкуулайт

1

Максим БакиевЖогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 23-сентябрда Улуу Британия парламентинин депутаттарын – Улуу Британиянын Кыргызстан менен парламенттик достук тобунун башчысы Жон Мэнн жана аталган топтун жетекчисинин орун басары Эндрю Ричард Розинделди кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу мамилелер жана парламенттер аралык өнөктөштүк маселелери талкууланды. Ошондой эле Максим Бакиевди экстрадациялоо көйгөйү көтөрүлдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар убагында Кыргызстанды сызга отургузуп, миллионерге айланган Максим Бакиев менен анын жакындарын Кыргызстанга  экстрадациялоо, алар тараптан мыйзамсыз сыртка чыгарылып кеткен акча каражаттарын кайтарып алуу тууралуу маселени талкуулашты. Төрага өз сөзүндө Кыргызстандын коомчулугу үчүн бул маселенин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал эми Улуу Британия парламентинин өкүлдөрү бул маселенин маанилүүгүнө жана кыргыз бийлигинин позициясына өзгөчө көңүл буруп, ушул жылдын октябрында Улуу Британиянын Юстиция министринин Кыргызстанга иш сапары пландалып жатканын, ошондо ушул жана башка маселелер жогорку деңгээлде талкууланарын айтышты.

Эмки сөз Улуу Британиянын юстиция министринде калды. Максим Бакиев жана анын “шайкаларынын” тагдыры кандай болору ошол сапардан кийин белгилүү болот.

Айбат гезити №97