Домой Негизги Уулдарынын камын көргөн “Бульдозер”

Уулдарынын камын көргөн “Бульдозер”

5

БекназаровКыргыз саясатында «Бульдозер» каймана аты менен таанымал Азимбек Бекназаров оппозициянын жыйындарына катышпай калды. Буга бир чети ден-соолугу себепкер. Жакынкы аралыкта Түркиядан жүрөгүнө операция жасатууну пландоодо. Бат сакайып кетсин дейли. Бирок бул оппозициядан четтетилишинин башкы себеби эмес. Биринчиден, уулу Русланды «Респубика – Ата журт» партиясынын атынан депутат кылуунун камын көрсө, экинчи жагынан жакында эле аттестациядан өтүп, Башкы прокуратурага жумушка орношкону жаткан уулу Э.Бекназаровго зыяным тийбесин деп кадамын жайлаткан кези. Таңкөрү-ү, уулдарынын камы үчүн опурулуп обу жок сүйлөгөнүн токтото алат экен. Бирок, жалпы элдин камы үчүн неге ушундай кадамга бара албай келди десеңиз?

Айбати гезити №116