Домой Саясат “Вечерний Бишкек” сайты партиялар рейтингин жүргүзүүдө көз боемочулукка барууда

“Вечерний Бишкек” сайты партиялар рейтингин жүргүзүүдө көз боемочулукка барууда

3

Вечерний БишкекУчурда өлкө ичиндеги ММК булактарынын башкы темасы эле алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу болуп келет. Андыктан көпчүлүк маалымат булактары партиялардын рейтингин аныктоо максатында сурамжылоо жүргүзүп келишет. Мынаушундай кырдаалдан пайдаланып, айрым партиялар менен жең ичинен сүйлөшүп алып,ал партиянын рейтингин жасалма жол менен көтөрүп жаткандар да болуп келет. Буга тирүү мисал катары “Вечерний Бишкек” сайтындагы партияларга окурмандардын добуш берүүсүнө байланышкан тасманын интернет булактарына жарыяланганын карасаңыз болот. Анда тизмектеги партиялардын кимисине добуш берсеңиз дагы ал партияга добуш кошулбай эле, “Өнүгүү” партиясына добуш  кошулуп атканын байкайсыз. Бул көз боемочулук эмеспи? Же аталган сайт “Өнүгүүдөн” алчусун алып койду беле?

Айбат гезити №133